Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Абдылдаев: Кумтөр борпоң тектин жылышын жашырган


Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдө Экологиялык-техникалык инспекциянын бөлүм башчысы, Кумтөрдөгү борпоң тектин жылышын изилдеген комиссиянын мүчөсү Максат Абдылдаев билдирди.

Абдылдаевдин айтымында, борпоң тек бир топ убакыт мурда эле жылып баштаган. Анын беш метрдеп жылышын убагында Кумтөр жашырып койгон. Учурда темири эленген борпоң тек күнүнө бир метрден жылып жатат.

Комиссиянын иликтөөсүнө ылайык, борпоң тектен сарыгып чыккан суулар Кумтөр дарыясына агып түшөт. Анда химиялык элементтер бар. Ошол себептүү комиссия Кумтөргө 11 пункттан турган сунуш берди. Алардын бири - бир ай ичинде дарыяга жеткирбей тундурма көлүн куруу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG