Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Дамаск Вашингтондун билдирүүсүн четке какты


Дамаск өкмөтү химиялык курал колдонгон деген АКШнын айыптоолорун четке какты. Сириянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун билдирүүсү “калпка толгон” жана “бурмаланган маалыматтарга негизделген” деп сындады.

Бейшембиде Ак үй президент Башар Асаддын режими химиялык курал, анын ичинде зарин өңдүү газ пайдаланганын, ал чабуулдан 150дөй киши набыт кеткенин айтып чыккан.

Орусия президенти Владимир Путиндин тышкы саясат боюнча кеңешчиси болсо АКШдан түшкөн маалымат анча “ишеничтүү эмес” деп комментарийледи. Юрий Юшаковдун айтымында, Вашингтондун сириялык козголоңчуларга аскердик жардам берүү чечими тынчтык конференциясын өткөрүү аракеттерине жолтоо болот.

Британиянын тышкы иштер министри Уияльм Хэйг анын өлкөсү АКШнын көз карашына кошулаарын билдирди. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен АКШнын “так” билдирүүсүн кубаттаарын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG