Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган полициянын антиөкмөттүк демонстрацияларга каршы иш-чараларын коргоп, Батыш "кош стандарттарды" карманат деп сындады. Премьердин айтымында, бүтүндөй дүйнө Түркия полициясына туш-туштан чабуул коюп, алардын "айрым ыкмаларды" колдонушканын, "мыйзамсыз акцияларды таркатууга аракет көрүшкөнүн" сындашууда. АКШ, Европа биримдиги же Орусияда жаш агызуучу газ жана ушул өңдүү башка тактикаларды колдонуп жүрүшөт, - деди Эрдоган.
Шаршембиде Европарламент түрк полициясынын демонстранттарды таркатуудагы катаң чараларын айыптаган резолюцияны кабыл алган. 31-майда башталган демонстрациялар учурунда полиция менен кагылышууларда кеминде 5 киши мерт кетти, миңдегени жараланды.