Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Тажик имамынын секс видеосу жаңжал жаратты


Диний салты күчтүү өлкөдө имамдын секс жаңжалы катуу айыптоолорго кабылууда
Диний салты күчтүү өлкөдө имамдын секс жаңжалы катуу айыптоолорго кабылууда

Тажик бийликтери өткөн аптада мечиттердин биринин имамынын жубайы менен жыныстык катнашы тартылган видео кантип интернетте таркап кеткенин иликтеп жатышат. Диний ишмерлердин таасири күч өлкөдө сексуалдык тасмада динаятчынын болгону чоң чырга айланды.

Тажикстандык имамдын жыныстык катнашы тартылган видео клиптер YouTube жана Facebook сайттарында жарыяланып кеткенден кийин анын мындан аркы келечеги суроо жаратууда.

Ошол тасмалардын биринде орто жаштагы бир жылаңач эркек алгач телефонун текчеге же үстөлгө коёт да, төшөккө жатып, башына жашыл жоолук салынган аял менен жан кумарын канааттандыра баштайт. Сакалчан кишинин бети даана көрүнүп турат.

Видео тасмалар жарыялангандан бир нече сааттан кийин өчүрүлгөн, бирок 11-июнда кайрадан бир канча убакытка пайда болду.

Милиция бул боюнча борбор калаа Дүйшөмбүнүн жанындагы Рудаки районунда Большевик айылынын имамын суракка алды. Жергиликтүү милициядан “Азаттыктын” тажик редакциясына айтышкандай, имам өзүнүн жубайы менен төшөктөгү катнашын өзү үчүн эле тартып алганын айткан.

Азырынча тергөө жүрүп жаткандыктан, имамдын ысмы жарыяланбайт. Суракка алынган имам тартылган видеодогу киши өзү экенин ырастады, бирок тасманы ал интернетке койбогонун, телефонун мурдараак жоготуп койгонун айтты. Имамга каршы кылмыш иши ачылган жок

Тажикстандын Ички иштер министрлигинен айтышкандай, тасманын интернетке коюлушу адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү катары каралып жаткандыктан, азыр алар тасманы сайттарга ким жайгаштырганын издеп жатышат. Интернетке ал тасмалар Солех Хотамийон деген адамдын атынан киргизилиптир.

Соңку сексуалдык жаңжал өлкөдө эки олуттуу суроону көтөрдү. Биринчиден, муну көптөр адамдын купуя жашоосуна кийлигишүү катары кабыл алды. Экинчиден, диний башчылар, мечиттин кызматкери мындай ишке барганы динге ишенимди кетирет деген маанай күчөдү.

Адвокат Абдукаюм Юсупов муну “ачык эле кылмыш” деп билет.

"Конституциябыздын 23-беренесине ылайык, телефон сүйлөшүү жана башка байланыш аспаптары аркылуу маалымат алмашуу катуу корголушу керек. Аны улуттук коопсуздукка коркунуч келиши мүмкүн болгон өзгөчө учурларда гана атайын кызматтар уга алышат. Башка убакта бөлүшүү – кылмыш", - дейт адвокат Юсупов.

Үч тасманын биринде “Видеодогу киши - Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири” деп жазылган. Бирок чынында анын сакалы жок. Калган эки видеодо ошол эле партиянын төрагасынын орун басары, кыска сакалдуу Махмадали Хаиттин аты аталыптыр. Эч кимиси бирок видео тууралуу комментарий беришкен жок.

Ал арада тасмалар өзү Рудаки районунда жана интернеттеги социалдык түйүндөрдө кескин айыптоолорду жаратууда.

“Азаттыктын” тажик кызматынын интернеттеги сайтына окурмандардын бири: “Бүгүн биздин эл сакалын өстүргөн же башына селде орогон ким болбосун, ишене берет. Бул киши өзүнүн уят ишин телефонуна тартып алыптыр. Силер ушундай киши мусулмандардын аброю жөнүндө ойлонот деп ишенесиңерби? Мен буга ишенбейм!”, - деп жазыптыр.

Башка бирөө комментарийде: “Ушунчалык иренжиткен иш кылыптыр. Өзүңдүн аялың менен жатканыңды интернетке коюп эмне кыласың? Мындай киши руханий кызматкер болууга татыктуу эмес. Аны динаятчы деп атабагылачы. Сизге окшогон имамдар исламды жаманатты кылышат. Мен чиновник болсом, ушул адамды өмүр бою түрмөгө отургузат элем”, - деп жазган.

Ошентип азыр имамдын тагдыры кандай болоору белгисиз.

Тажикстандын Уламалар кеңешинин Фатва бөлүмү “сексуалдык актыны видеого тарткандын өзү күнөө иш” деп билдирүү жасады.

Билдирүүнү Рудаки районунун башка бир айылынын имамы Исроил Саидов колдойт: "Эң оболу, адам Кудайдан айбыгышы керек. Ошон үчүн өтө жабык, жашыруун жерде жүрсөң да, авратыңды жаап жүр дешет. Жыныстык катнашты видеого тартуу деген эң эле натуура, балит иш, дин кызматкерлерине ишенимди жоготот".

Жумурияттын Уламалар кеңеши соңку жаңжалды 20-июнда талкуулаганы жатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG