Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:25

Кыргыз-тажик чегинде жол ачыла элек


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалымдашынча, Тажикстандын Чорку айылын Шороп шаары менен байланыштырган жол ачыла элек. Бул жол Баткендин Паскы-Арык, Самаркандек айылдарын аралап өтөт.

12-июнда кечке жуук Баткендин Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх айылынын чегинде турган кыргыз чек арачысын тажикстандык жаран машине менен коюп туруп качып кеткен. Бул окуяга жаалданган Самаркандек жана Паскы-Арык айылдарынын тургундары ошол эле күнү кечинде жолду бууп салган.

Жапа чеккен чек арачы азыр облустук ооруканада жатат, абалы канааттандырарлык. Окуядан соң эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жолугуп, тажик тарап чек арачыны сүзгөн жаран кармалганын билдирген. (BkA\JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG