Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Ирандагы шайлоодо реформачыл саясатчы алдыда келатат


Ирандагы жума күнү өткөн президенттик шайлоону алгачкы жыйынтыктары белгилүү боло баштады. Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, реформачыл топтун өкүлү делген Хасан Роухани алдыда келатат. Добуштардын чейреги эсептелген жыйынтыкка караганда бул талапкер 48 пайызга ээ болду. Тегерандын мэри Мухаммед Баккер Калибаф 15 пайызга жакын добуш менен экинчи, ядролук сүйлөшүүлөрдөгү башкы дипломаты Саед Жалили болсо үчүнчү келатат.

Бийликтердин эсептөөсү боюнча шайлоочулардын 70 пайызга жакыны добуш берди. 50 миллиондон ашык шайлоочу 6 талапкердин арасынан учурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддан кийин болчу президентти тандап жатышат.

Бул жолку добуш берүүдө бир да талапкер көпчүлүк добуштарды албаса, биринчи жана экинчи болгондор 21-июнда экинчи айлампага катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG