Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Жалал-Абадда кымыз майрамы өтүп жатат


Иш-чараны өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү уюштурду. Өкүлчүлүктөн “Азаттыкка” маалымдашкандай, шаардын борбордук аянтына 12 боз үй тигилди. Облустун 12 районунан келген өкүлдөр элге кымыз тартуулап жатышат.

Бул иш-чара аймактагы улуттар ортосундагы өз ара ынтымакты бекемдөө жана Жалал-Абад жергесине туристтерди тартуу максатында уюштурулуп, ага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн фондунан 100 миң сом акча бөлүнгөн.

Кечке жуук аянтта акысыз концерт уюштурулуп, бүгүнкү майрамдын жеңүүчүлөрү аныкталат. Орундар “Эң мыкты кымыз”, “Эң мыкты дасторкон”, “Эң мыкты боз үй” жана “Эң мыкты жасалга” номинациялары боюнча бөлүштүрүлөт. Фестивал алгачкы жолу уюштурулууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG