Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Facebook тартип коргоо органдары менен кызматташканын билдирди


Facebook интернет компаниясы аларга америка бийликтери көп жолу аталган социалдык тармактын колдонуучуларынын жеке маалыматтарын ачыктоо үчүн кайрылышканын жарыялады. 2012-жылдын экинчи жарымында АКШнын федералдык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн 9 миңден 10 миңге чейин кайрылуу түшкөн.

Microsoft компаниясы дал ошол убакта полициядан жана коопсуздук кызматтарынан 6-7 миңге чукул ордер түшкөнүн, алар 31-32 миң аккаунтка тиешелүү экенин кабарлады.

Facebook компаниясынын жеткечилиги тактагандай, аларга түшкөн кайрылуулар 20 миңге жакын адамдын аккаунттарына байланыштуу болгон.

Суралган маалымат Facebook жана тартип коргоо органдарынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу атайын келишимге кол коюлган соң берилген. Адамдардын жеке маалыматы жоголгон балдар, изделип жаткан кылмышкерлер, улуттук коопсуздукка тиешелүү тергөө боюнча жана террорчулукка байланыштуу болгондо берилет.

Facebook компаниясынын бул билдирүүсү коопсуздук кызматтарынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Америка бийликтеринин телефон жана интернет колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогулткан атайын программасы тууралуу айтып чыккандан кийин жасалды. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG