Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Бишкекте граффити фестивалы өтүп жатат


Бул фестивалды Бишкек мэриясынын, Германия жана Франция элчиликтеринин колдоосу менен BASICOLORS жаш арт-демилге өткөрүп жатат.

Заманбап стрит арт жана граффити боюнча эл аралык фестивалга Германиядан, Франциядан, Казакстандан келген жана кыргызстандык сүрөтчүлөр катышууда. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, фестивалдын алкагында Борбор Азиядагы эң чоң граффити галерея ачылат.

Сүрөтчүлөр Лев Толстой, 3 «А» дареги боюнча берилген чоң дубалдарга ар кандай граффити форматындагы чыгармаларды тартышмакчы.

Уюштуруучулардын айтымында, фестивал жаштардын сүрөткө кызыгуусун өнүктүрүү жана маданий байланыштарды бекемдөө максатын көздөйт. Ал Кыргызстанда 2009-жылдан бери өтүп келатат. (ТТо)

XS
SM
MD
LG