Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Түркияда нааразылык акциялары уланууда


Стамбулда өткөн түнү өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланды. Миңдеген адамдар көчөгө чыгып, премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын саясатына каршылыгын билдиришти. Анын алдында ишемби күнү эртең менен полиция демонстранттар ээлеп турган Гези паркына кирген эле. Анда көздөн жаш агызчу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонуп, демонстранттарды cүрүп чыккан. Бирок демонстранттар буга карабай каршылык акциясын улантаарын убада кылышууда. Расмий бийлик болсо бул акцияларды токтотууга чакырып, паркты кайра куруу боюнча маселени референдумга коюуну сунуштаган.

Түркиядагы өкмөткө каршы толкундоолор эки жумадан бери токтобой жатат. Алгач Стамбулдун чок ортосундагы Гези паркынын ордуна ири дүкөн курууну каалаган өкмөттүн планына 31-майда экологдор нааразылык билдирип чыгышкан. Алардын күч менен таркатылышы премьер-министр Эрдогандын саясатына каршы болгондорду бириктирип, өкмөткө нааразылык толкуну бүтүн өлкөгө таркап кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG