Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Сирия: Египет козголоңчуларды колдоого чакырды


Египеттин президенти Мухаммед Мурси Сирия өкмөтү менен мамилесин үзгөнүн жарыялады. Ал Сирия оппозициясына жардам берүү үчүн дүйнөлүк коомчулукту бул өлкөнүнү үстүнөн учак учуусуна тыюу салууну сунуштады. Ишембиде Каирде сунит мусулмандарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Мурси Башар Асаддын аскерлери менен биргеликте козголоңчуларга каршы согушуп жаткан ливандык "Хезболла" уюмун Сириядан чыгып кетүүсүн талап кылды.

"Хезболла" уюмун Иран бийлиги колдойт. Бул уюмдун жардамы менен акыркы күндөрү Сирия бийликтери козголоңчулар ээлеген бир нече шаарды бошотууга жетишти.

Улуттар уюмунун эсебине караганда, 2011-жылдын март айынан бери уланып жаткан калабада 93 миңге жакын сириялык набыт болгон.

XS
SM
MD
LG