Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Ирактагы чабуулдардан 20 адам мерт кетти


Ирактын түштүгүндөгү жана борбордук бөлүгүндөгү жардыруулардан жана атышуулардан кеминде 20 адам көз жумду жана ондогон адамдар жарадар болушту.

Эң чоң жардыруу Кут шаарында орун алып, ал жакта 7 адам набыт кетти жана 20 чакты адам жараат алды.

Жергиликтүү бийликтердин кабарлашынча, жардыруулар Азизия, Махмудия, Нисирия жана Барса шаарларынын шииттер жашаган райондорунда уюштурулган. Азырынча бул үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Жыл башынан бери Иракта шииттер менен сунниттердин тирешүүсү күчөөдө. Шииттер көпчүлүк катары борбордук өкмөттү курап, бул сунниттердин нааразылыгын жараткан. (AiK)

XS
SM
MD
LG