Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Баткен: Эл чек арадагы чектөөнү алып салууну суранууда


Баткендеги Таян айылынын тургундары Сох анклавын аралап өтчү жолдогу чектөөнү алып салууну суранышууда. Январдагы Сох-Чарбак жаңжалынан соң өзбек тарап кечки 11ден таңкы 7ге чейин аталган жолдон өтүүгө чектөө киргизип, түнкү каттам токтотулган.

Таяндыктардын айтымында, бул жол аймактагы 8 айылдын тургундарын облус борбору - Баткен шаары менен байланыштырган жападан жалгыз жол. Жайдын келиши менен талаачылык иштери кызыгандан бери аталган айылдардын тургундары таң эртеден каттай албай кыйналышууда. Мындан улам бийликтерден өзбек тарап менен сүйлөшүп, чектөөнү алып салууну суранып жатышат.(BkA\JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG