Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Түндүк Корея АКШга сүйлөшүүлөрдү сунуштады


Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасы жана Корей жарым аралындагы чыңалууну басаңдатуу максатында АКШ менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады.

Бул тууралуу Түндүк Кореянын Улттук коопсуздук комиссиясынын жарыясы мамлекеттик маалымат агенттигинен айтылды. Бирок Пхеньян алдын ала АКШдан эч кандай шарттарды кабыл албашын тактады жана Вашингтон сүйлөшүүлөрдүн убактысын жана өтчү жерин өзү айта алат. Жакынкы күндөрү Пхеньян Түштүк Кореянын жетекчилиги менен акыркы эки жылдагы биринчи расмий жолугушууга барбай койду. Ал эми АКШ Пхеньян менен сүйлөшүүлөрдүн негизги шарты катары анын бардык өзөктүк объектилеринин жок кылынышын айтып келет (AiK).

XS
SM
MD
LG