Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:57

Аба ырайы


Шашылыш эскертүү:

Кыргызстанда 16-19-июнь күндөрү жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

17-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11... +16, күндүз +18... +23 градус, Талас облусунда түнкүсүн +8… +13, күндүз +18…+23 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11... +16, күндүз +21 ...+26 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5... +10, күндүз +12... +17 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +13... +18 градус болот.

Бишкекте 17-июнда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +34…+15 градус, күндүз +21…+23 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG