Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Израил премьери Иранга басым жасоону улантууга чакырды


Израилдин премьер-министри Бенамин Нетаняху эл аралык коомчулукту Иран өзөктүк программасын жабышы үчүн ага басым жасоону улантууга чакырды. Бүгүн кабинетинин отурумунда сүйлөп жатып, Нетаняху Ирандын жаңы президенти Хасан Рухани токтоо саясатчы болсо да, Иранга басым жасоону уланата берүү туура болоорун баса белгиледи.

30 жыл мурун Иран менен дипломаттык мамилелерди үзүп салган АКШ шайлоонун жыйынтыктарын “урматтаарын” жана Тегеран өзөктүк сыноолорду өткөрбөгөнүн көрүү үчүн Иран менен “түз” байланыштарга даяр экенин билдиришти.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Жогорку өкүлү Кэтрин Эштон ядролук маселени чечүү учүн Рухани менен кызматташууга даяр экенин жарыялады. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Иран эл аралык жана регионалдык көйгөйлөрдү чечүүдө "конструктивдүү рол" ойнооруна үмүтөнөөрүн айтты. Орусиянын президенти Владимир Путин Руханини Москва менен байланышты күчөтүүгө үндөдү. (AiK)

XS
SM
MD
LG