Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

Кыргызстанга БУУнун экономика боюнча өкүлү келди


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары, аталган уюмдун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Свена Алкалаянын жумушчу иш сапары эки күнгө созулат. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, анын максаты кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен БУУнун Борбор Азия өлкөлөрү үчүн атайын программасынын алкагында экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, жандандыруу болуп саналат.

Жолугушууларда унаа, соода-сатык, өнүктүрүү боюнча улутук долбоорлорго эксперттик-техникалык жана каржы ресурстарын тартуу маселелери тууралуу сөз болмокчу.

БУУнун Борбор Азия өлкөлөрү үчүн атайын программасы 1998-жылдан тарта иштейт. Максаты аталган жумурияттагы өлкөлөрдү дүйнөлүк экономикага бириктирүү, базар экономикасына өтүүгө кол кабыш кылуу, жакырчылыкты жана жумушсуздукту жоюуга жардам берүү болуп саналат. Ага Борбор Азиядагы беш мамлекеттен сырткары Ооганстан менен Азербайжан да мүчө. (EBM)

XS
SM
MD
LG