Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Эрдоган Гези паркын “тазалоону” өз “милдети” деп атады


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган анын тарапташтарынын митингинде Стамбулдагы Гези паркын демонстанттардан "тазалоо" анын милдети экенин айтты. Жекшембиде, Стамбулдагы Таксим аянтынан көп алыс эмес жерде башкаруучу партияны колдоо акцияга он миңдеген адам катышты.

Ал арада Стамбулда жана Анкарада өкмөткө каршы митингчилер менен полиция кайра кагылышты. Күч органдары кууп таратуу үчүн газ жана суу колдонду. Стамбулдагы Гези паркын кайра курууга байланыштуу өкмөткө каршы нааразылык толкун эки аптадан бери тыйылбай жатат. Бул Эрдогандын өкмөтү бийликке келген 10 жылга жакын убактан берки эң чоң акция.

Жекшембиде Түркиядагы эки кесиптик кошуун бүгүн, дүйшөмбүдө жалпы улуттук иш таштоо болорун билдиришти. (EBM)

XS
SM
MD
LG