Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

ЖК комитети АКШнын транзиттик борбору боюнча мыйзамды карайт


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн жыйын куруп, “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборун чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорду карайт. Анда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев маалымат берет. Буга чейин парламенттин бир катар тиешелүү комитеттери бул документти колдогон болчу. Мыйзамдын долбоору 19-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына коюлмакчы.

Өкмөт АКШнын транзиттик жүк ташуучу базасы тууралуу АКШ өкмөтү менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорду парламентке өткөн айда жөнөткөн. ТИМ мыйзам кабыл алынгандан кийин президент ага келерки жылдын башына чейин кол коюп, АКШны расмий кабардар кылуусу керектигин маалымдаган эле.(EBM)

XS
SM
MD
LG