19-июнга чейин республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Жаан-чачынга байланыштуу дарыялардагы суунун деңгээли да көтөрүлүшү мүмкүн. Кечээтен бери Кыргызстандын аймагында абанын температурасы төмөндөгөнү байкалууда. Бишкекте таңга жуук башталган жаан дагы эле жаап жатат. (RK)