Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Жети-Өгүздөгү жыйын болбой калды


Көлдүн Жети-Өгүз районунда Кумтөр боюнча бүгүн өтө турган элдик жыйын болбой калды. Себеби эмнеде экенин уюштуруучулар азырынча айта элек.

Бүгүн жыйын болоорун, ага өлкө жетекчилиги чакырылганын, Кумтөр боюнча берилген убадалардын аткарылышы талап кылынаарын уюштуруучулар "Азаттыкка" билдирген болчу.

Өткөн айда Жети-Өгүздүн Саруу айылынын эки жүздөй тургуну Кумтөрдү иштеткен компанияга социалдык талаптарды койгон митинг чоң акцияга айланган. Митингчилер менен милиция ортосунда жаңжал чыгып, райондо бир нече күн өзгөчө абал жарыяланган. Ал жакка барып келген депутаттар митингди баштап жүргөн атчан кишилер жергиликтүү эл менен сүйлөштүрбөй жатканын айтып, мунун артында Кумтөр маселесине эч тиешеси жок башка күчтөр турушу мүмкүн деген оюн айткан. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG