Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Ошто балдар үчүн диний лагерлер ачылды


Оштогу айт намазга келген бала, 26-октябрь, 2012. (Сүрөттүн азыркы темага тиешеси жок.)
Оштогу айт намазга келген бала, 26-октябрь, 2012. (Сүрөттүн азыркы темага тиешеси жок.)

Ош облусунун Өзгөн жана Ноокат райондорундагы медреселерде балдар үчүн жайкы диний лагерлер иштей баштады.

Облустук казыяттын демилгеси менен ишке ашкан бул иш-чарага айрым жергиликтүү жарандар демөөрчүлүк кылууда. Лагерди уюштуруунун максаты тууралуу Ош облусунун казысы Султанали Гапуровду кепке тарттык.

"Азаттык": Султанали мырза, медреселерде диний лагерлерди уюштуруунун максаты эмне? Бул иш-чара кандай зарылчылыктан улам ишке ашып жатат?

Султанали Гапуров: Негизги максат, салттуу исламга туура келген диний багытка жаштардын көңүлүн буруу, ошого жол көрсөтүү. Андан сырткары, жайкы каникул учурунда балдардын убактысы текке кетпесин деп жатабыз. Бош убакыттын айынан интернет клубдарга, компьютердик оюндарга барып, инсандык сезимдерге терс таасир берүүчү чөйрөлөргө аралашып калбасын деген максатыбыз бар. Ар түрдүү интернет оюндарын ойноп, психологиясын бузгандын ордуна, лагерге келип жайкы эс алуу менен бирге исламдын баалуулуктарын үйрөнгөнү дурус. Жаңы дос таап, чөйрөсү да кеңейет. Азырынча бул лагерлер Ноокат, Өзгөн райондорундагы расмий каттоодо турган медреселерде өтүүдө. Башка райондордо да уюштуруу иштерин карап жатабыз.

"Азаттык": Лагердин убактысы канча жана ага балдар кандай критерийлер менен тандалат?

Султанали Гапуров: Жайкы лагерибиз 20 күнгө созулат. Ага 4-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары гана кабыл алынат. Сөзсүз түрдө ата-энесинин арызы, баланын ким экендигин тастыктаган документи болушу керек. Лагердин өзүнүн тартиби бар, ошого баш ийиши кажет. 20 күндүк убакытты программада көрсөтүлгөндөй эреже менен өткөрүшөт.

"Азаттык": Ошол программа жөнүндө айта кетсеңиз?

Султанали Гапуров: Эрте туруп намаз окушат, андан соң кайра жатып укташат. Тамактанып бүткөн соң, медреседен аларга бөлүнгөн молдонун кеңештерин угушат. Мындайча айтканда, күн бою программада көрсөтүлгөн иш-чаралардын негизинде гана сабактар болот. Балдардын эс алуусуна да убакыт бөлүнгөн.

"Азаттык": Лагерге кыз бала, эркек бала дебей кабыл ала бересиздерби?

Султанали Гапуров: Жок, азырынча эркек балдар гана кабыл алынат. Анткени медреселерде аларга жол-жобо көрсөтүүчү молдо-устаттарыбыз эркек кишилер.

"Азаттык": Лагерди уюштурууга мыйзамдуу түрдө уруксат берилгенби?

Султанали Гапуров: Биз муну казыяттын жобосунун негизинде уюштуруп жатабыз. Муфтияттан уруксат алганбыз. Буга чейин деле мындай лагерлер болгон, быйыл өзгөчө көңүл бура баштадык.

"Азаттык": Диний кырдаал бир топ татаалдашып турган учурда мындай лагерлердин канчалык зарылчылыгы бар?

Султанали Гапуров: Муну биз мамлекетибиздеги демократиялык укуктан пайдаланып уюштуруп жатабыз. Демократиялык көз караш менен ала турган болсок, бул туура эле деп эсептеймин. Биздин өлкөдө жашагандардын 87 пайызы мусулмандар. Калганы башка ар түрдүү диндин өкүлдөрү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, Кыргызстанда 30дан ашуун диний конфессиялар иш жүргүзөт. Алардын бири – ислам. Аны элдин 87 пайызы карманып жатат. Биздин аракеттин максаты – ошол динди туура багытта жаштарга жеткирүү. Ар кандай агымдарга же “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу уюмдарга кирип кетпесин, салтуу исламдын жолу кандай экенин жаш кезинен үйрөтөлү деген ойдобуз.

"Азаттык": Лагерди каржылоо жагы кандай болууда?

Султанали Гапуров: Каржы маселеси жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен чечилүүдө. Салттуу ислам дининин келечегине кайдыгер карабаган атуулдарыбыз тарабынан акчалай жардамдар болуп жатат. Жетпеген жерине ата-энелер менен кеңешип, каржы тапканга аракет кылуудабыз. Баланын жаткан жери, окуу каражаттары менен биз камсыздайбыз. Тамак-ашына ата-энелер өздөрү жардам берип жатат.

"Азаттык": Мисалы, 20 күндүк жайкы лагерь үчүн бир балага ата-энеси канча каражат бериши мүмкүн?

Султанали Гапуров: Ар кандай. 500 сомдон 1500 сомго чейин жетет. Шарттуу түрдө акчалай төлөм бекитилген эмес.
XS
SM
MD
LG