Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Гүлер: профсоюздардын иш таштоосу мыйзамсыз


Түркиянын эки ири кесиптик кошууну - бюджеттик кызматкерлердин профсоюздарынын Конфедерациясы (KESK) жана прогрессивдүү профсоюздардын Конфедерациясы (DISK) өлкө боюнча иш таштаганын жарыялашты. Алар полициянын демонстранттарга каршы колдонгон чараларын сындашууда жана полициянын зомбулугун токтотууга чакырышты. Эки ири кошуунга дарыгерлердин жана инженерлердин профсоюздары кошулушту.

Түркиянын ички иштер министри Муаммер Гүлер профсоюздардын иш таштоосун мыйзамсыз деп атады. Анын айтымында, бул адамдарды демонстрацияга топтоо аракети жана ага бөгөт коюлат.

Түрк укук коргоочуларынын маалыматы боюнча кечээ Стамбулдагы кагылышууларда 441 адам кармалган. Анкарада - 56. Тартип коргоо органдары көздөн жаш агызчу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонушту (AiK).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG