Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

"Атажуртчу" депутаттардын сотунда чыр чыкты


"Ата-Журт" партиясынын камактагы үч депутатынын сотунда чыр чыкты. Кабарчыбыздын айтымында, сот залында ушу тапта башаламандык, ызы-чуу өкүм сүрүүдө.

Судья өз өкүмүн 24-июнда угузаарын, соттолуучуларга сөз ошондо берилээрин айтты. Бирок залда отурган соттолуучулардын тарапкерлери судьянын бул айтканына каршы чыгып, желим бөтөлкө, бут кийимдерин прокурорлорду көздөй ыргытты. Мамлекеттик айыптоочуларды жакалаганга чейин барганын кабарчыбыз айтууда. Соттолуучуларды кайтаруучулар залдан убактылуу алып чыгып кетип, кайра алып келишти. Милиция залды тынчытууга аракет жасап жатат.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровду бир жарым, Талант Мамытовду бир жылга кескен. Ал эми шаардык сотко келгенде прокурор Ташиев менен Жапаровду 10 жылга, Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну соттон суранууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG