Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

"Ата-Журт" депутаттарынын соту кайра уланууда


Бишкек шаардык сотунда "Ата-Журт" партиясынын үч депутатынын үстүнөн сот кайра уланууда. Судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө кетти, андыктан камактагы депутаттарды кандай өкүм күтүп жатканы бүгүн белгилүү болушу мүмкүн.

Жарым саат мурда судья сот 24-июнда дагы уланаарын айткан. Бирок соттолуучулардын тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип, прокурорлорду жакалап, аларга желим бөтөлкө, бут кийимдерин ыргыткан. Башаламандыкты милиция кызматкерлери токтотуп, сот кайра уланды.

Акыркы сөзүн сүйлөгөн депутаттар сотту кимдир бирөөнүн көрсөтмөсү эмес, адилеттүү чечим чыгарууга чакырды.

Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталып жаткан "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиевди жана Садыр Жапаровду райондук сот бир жарым жылга, Талант Мамытовду бир жылга кескен. Мындай өкүмгө нааразы адвокаттар апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Шаардык сотто прокурор Ташиев менен Жапаровду 10 жылга, ал эми Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну соттон суранып жатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG