Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

“Атажуртчу” депутаттар акталды


Бишкек шаардык сот Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын иши боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, депутаттар акталды жана cот залынан бошотулду. Учурда камактан бошогон депутаттар соттун сыртында өкүмдү күтүп турган тууган-уруктары жана тарапкерлери менен учурашууда.

Март айынын этегинде райондук сот Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду бир жарым жылга, Талант Мамытов менен Ташиевдин үч жан сакчысын бир жылга кескен. Коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди толугу менен актаган. Депутаттар сот өкүмүн жокко чыгаруу үчүн экинчи инстанцияга арыз жолдошкон.

“Атажуртчу” депутаттар баштаган алты адам былтыр октябрда Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосун ашып өткөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG