Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Түркия: бийлик демонстранттарга күч колдонорун эскертти


Түркиянын вице-премьер-министри Бүлент Арынч өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга аскердик күч колдонуларын эскертти.

Кечээ Түркиянын эки ири кесиптик кошууну - бюджеттик кызматкерлердин профсоюздарынын Конфедерациясы (KESK) жана прогрессивдүү профсоюздардын Конфедерациясы (DISK) өлкө боюнча иш таштаганын жарыялашты. Алар полициянын демонстранттарга каршы колдонгон чараларын сындашууда жана полициянын зомбулугун токтотууга чакырышты. Эки ири кошуунга дарыгерлердин жана инженерлердин профсоюздары кошулду.

Түркиянын ички иштер министри Муаммер Гүлер профсоюздардын иш таштоосун мыйзамсыз деп атады. Анын айтымында, бул адамдарды демонстрацияга топтоо аракети жана ага бөгөт коюлат.

Түрк укук коргоочуларынын маалыматы боюнча жекшемби күнү Стамбулдагы кагылышууларда 441 адам кармалган. Анкарада - 56. Тартип коргоо органдары көздөн жаш агызчу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонушту (AiK).

XS
SM
MD
LG