Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

МАИчилер аттестациясы аяктап калды


Учурда Чүй облустук Жол-кайгуул кызматынын өкүлдөрүнүн аттестациясы жүрүп жатат. Буга чейин МАИчилерди иргеп алуу калган бардык алты облуста жана Бишкек, Ош шаарларында жүргөн.

Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу, сынак-аттестациялык комиссиянын мүчөсү Калича Умуралиева кабарлады. Анын айтымында, Ысык-Көл менен Нарында МАИдеги бош орундар үчүн жарыяланган сынак аяктады. Анда 80ден ашык адам арыз берген, алардын үчөөсүнөн башкасынын баары милицияда иштегендер.

Натыйжада сынактан 19 адам өттү, анын теңине жакынына комиссия кызматка дайындалсын деген аныктама берди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG