Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Обама менен Путин Сириядагы кырдаалды талкуулады


АКШ президенти Барак Обама орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен Түндүк Ирландияда “Чоң сегиздин” жыйынынын алкагында Сирия кризисин талкуулады. Путин Сириядагы кан төгүүнү токтотуу ыкмалары боюнча тараптардын эки ача пикирде экенин белгиледи, бирок эки ири держава тең кризисти токтотуу үчүн каршылаштарды сүйлөштүрүп, ымалага келтирүүгө аракет жасап жатканын айтты.

Обама өз кезегинде Москва менен Вашингтон Сирияда химиялык курал колдонулушуна бөгөт коюуга аракет жасап жатканын билдирди. Ошондой эле эки президент өз администрацияларына Женевада Сириядагы тынчтык конференциясын өткөрүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырганын кошумчалады.

Тараптар Ирандын жаңы шайланган президенти Хасан Рухани менен өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү жанданарына астейдил ишара кылышты. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG