Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү жалдаган кеңешчилер келди


Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясынан түшкөн сунуштарды иликтөө үчүн чет өлкөлүк каржы жана юридикалык кеңешчилерди жалдаган. Алар бүгүнтөн тартып үч күн бою сунуштарды карап талдап чыкмакчы. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызалтындын" жетекчи орун басары Кылычбек Шакиров маалымдады.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Канада берген сунуштардын ичинде Кумтөрдөгү кенди иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү идеясы бар экенин маалымдаган. Анда кыргыз тарапка көбүрөөк үлүш берүү каралган жана ишкана Кыргызстанда катталат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG