Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Депутаттар соту: тергөөдө алешемдиктер кеткен


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын ишин караган Бишкек шаардык сот "ишти тергөөдө алешемдиктер кеткен" деген бүтүм берди. Ага ылайык, “бир катар одоно мыйзам бузууга жол бергени жана сапатсыз көзөмөл жүргүзгөнү үчүн баш прокурор Аида Саляновага президент көңүл бурсун, ошондой эле тергөө тобунун башчысынын иши прокуратурада талкууга алынсын”,- деген жай аныктама чыгарылды.

Шаардык сот кечээ, 17-июнда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду толугу менен актап, сот залынан бошотту. Сот конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырган деген айыпты кыскартты, бийликти күчкө салып тартып алуу, же күч менен кармап туруу деген айып соттук териштирүүдө далилденген жок деп тапты.

Сот залынан бошогон Ташиев “Азаттыктагы” маегинде сот өкүмүн “тарыхый чечим" деп атады. Ал эми Жапаров "эгемен өлкө тарыхында бийликтин басымын аткарбаган алгачкы көз карандысыз сот чечими болду" деп баа берди.

Прокуратура азырынча сот өкүмү тууралуу комментарий бере элек. Мамлекеттик айыптоочулар соңку процессте Ташиев менен Жапаровду 10, ал эми Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG