Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Баш прокуратура: Сот "атажуртчу" тарапкерлердин жетегине алдырып ийди


"Атажуртчу" үч депутататтын сотун 24-июнга калтырууну чечкен соттук коллегия соттолуучулардын тарапкерлеринин жетегине алдырып жиберди. Мындай оюн бүгүн Баш прокуратура билдирди. Көзөмөл органдын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө соттук коллегия кечээ, 17-июнда залда отургандардын жетегинде калып, өзүнүн чечимин өзү жокко чыгарып, соттук териштирүүнү улантканы айтылат. Ошондой эле депутаттарды актаган өкүмдүн чыгышына да соттун ичинде жана сыртында чогулган элдин басымы себеп болгону айтылды.

"Бул өкүм тергөө учурунда чогултулган далилдерге карама-каршы келет. Андыктан көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылабыз", - деп айтылат кайрылууда.

Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-1,5 жылга кескен. Бирок шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, кечээ үчөөнү тең актап чыгарды.

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагыда 8 айдан ашуун камакта жаткан "атажуртчу" депутаттар бул кылмыш иш саясый мүнөзгө ээ экенин, алар мыйзам бузбаганын айтып келет.

Кечээ сот териштирүү 24-июнга калганын жарыялаганда залда отурган тарапкерлер судья жана прокурорлорго желим бөтөлкө, бут кийимдерин ыргытып, залда чатак чыккан. Ошондон кийин судья териштирүүнү кайра уланткан. (RK)

XS
SM
MD
LG