Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

"Тынчтык кербени" сапарга чыкты


"Тынчтык кербени" долбоору ишке ашырыла баштады. АКШнын USAID агенттиги каржылаган бул долбоордун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында элди тынчтыкка, ынтымакка үндөгөн түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Бишкекте да атайын жыйын өтүп, ага бийлик, жарандык коом өкүлдөрү катышат. Жайыт жана суу тартыш аймактарда маселени ынтымак жолу менен чечүү мүмкүн экенин баяндаган фотокөргөзмө уюштурулат. Кеченин катышуучулары ар улуттун тамак-ашын татып, ыр-бий сынактарын көрө алат. Кыргызстандын түштүк аймагындагы облустарда өзбек жана тажик улутундагы жарандар жыш отурукташкан айылдар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG