Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Депутаттар соту: Прокуратура Жогорку Сотко арызданат


“Ата-Журт” партиясынын депутаттарын актаган өкүм коомдо кызуу талкууланууда.

Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун бул чечими боюнча Жогорку Сотко арызданарын билдирүүдө. Ошол эле кезде депутаттарга башынан туура эмес айып коюлганын айткандар, соттор көз карандысыз өкүм чыгарды дегендер бар.

Өкүмдү адилетсиз деп эсептеген топтор шаардык сотко келип, судьялар менен жолугушууну талап кылышты.

Башкы прокуратура Жогорку Сотко даттанат

“Ата-Журт” партиясынын камактан бошогон депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов шаршемби күнү маалымат жыйынын өткөрүп, мындан аркы кадамдары боюнча кабардар кылышмакчы.

Кечээ кечинде Бишкек шаардык соту актап чыгарган депутаттар бүгүн жакындары жана туугандары менен болууда. Маселен, депутат Камчыбек Ташиев эмне кылып жатканын анын бир тууган иниси Шайырбек Ташиев айтып берди:

- Камчыбек Ташиев Бишкекте эле жүрөт. Бүгүн достору, урук-туугандары менен жолугушуп жатат. Жума күнү Жалал-Абадга барып, ишемби күнү стадиондо концерттин коштоосунда эл менен жолугушуу өткөрөт. Ал эми жекшембиде Ошко, дүйшөмбү күнү Баткенге барат.

Ал аралыкта Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун чечими боюнча Жогорку Сотко даттанарын билдирди. Алардын айтымында, сот өкүмү процесске катышып жаткан жана сот имаратынын жанына чогулган депутаттардын тарапкерлеринин кысымы алдында чыгарылган. Башкы прокуратура өткөн жылы 3-октябрда бийликти басып алуу аракети менен Ак үйдүн короосун ашып өткөн депутаттардын күнөөсү тергөөдө жана соттук териштирүүдө толук далилденген деп эсептейт. Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Алманбет Абдраманов:

- Өкүм чыныгы түзүлгөн жагдайга жана кылмыш ишти иликтеген органдар тарабынан чогултулган далилдерге каршы келет. Буга байланыштуу Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын чечими боюнча Жогорку Сотко даттануу арызы жолдонот. Жогорку Сот кылмыш ишин караган кезде бардык далилдерди эске алып, мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгарат деген ойдобуз.

Анткен менен Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөөдө алешемдиктерге жол берген, депутаттарга жасаган иш-аракетине туура келбеген айыптар коюлган деп санайт укук коргоочу жана юрист Нурбек Токтакунов.

- Мен башында эле аларды бейбаштык боюнча гана 15 суткага камаш керек деп айттым эле. Ошондо депутаттар элге күлкү болуп, уят болушмак. Прокуратура болсо 12 жылга кесебиз деди, мына кыйраткандары. Мындан кийин Салянова кызматынан кетиш керек. Анткени саясатчылардын, уюшма кылмыш топторунун жана террористтердин үстүнөн жүргөн тергөө иштери эч бир кемчиликсиз болуш керек да.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова сот системасындагы көйгөйлөргө токтолду:

- Сот системасы бир четинен саясий курал болуп калды. Экинчиден, криминалдык топтордун да куралы болууда. Үчүнчүдөн, сот жараянында туугандары, спортсмендер көп болуп, кысым кылса, судьялар алар каалагандай чечим чыгарып берет. Бирок кечээки окуя боюнча сотторду күнөөлөбөш керек. Бул - Башкы прокуратуранын катасы. Бул үч депутаттын коюлган кылмыш беренелерине эч кандай тиешеси жок болчу. Депутаттар туура эмес камалышкан. Азиз Батукаевдин иши жана бул депутаттардын маселеси милицияда, сотто, тергөө органдарында жана Башкы прокуратурада сөзсүз реформа жүргүзүү зарылдыгын көрсөтүүдө.

Ошол эле кезде сот бийликтин көрсөтмөсү менен чечим чыгарган болушу мүмкүн деген жоромолдор да жок эмес. Бирок “Ар-намыс” фракциясынын лидери, коалициялык көпчүлүктүн төрагасы Феликс Кулов соттор көз карандысыз чечим кылды деген ойдо.

- Бул иште президенттин таасири болгон жок. Соттор бул маселеде өз алдынча ушундай чечим кабыл алды. Сот мыйзамдарга жана далилдерге таянып иш кылат. Мисалы, митингдер жана башка иштер сотторго чечим кабыл алууда түздөн-түз таасир тийгизди деп айта албайм.

"Мекен шейиттери": өкүмгө каршыбыз

Бир катар оор беренелер боюнча айып коюлган депутаттардын шаардык сотто акталып кетиши Кыргызстанда мыйзамдуулук барбы деген да маселени жаратты. Саясат таануучу Марс Сариев мындай дейт:

- Дагы Жогорку Сот деген бар, ошол жакта бул ишке туура баа берилет го деген ойдомун. Шаардык соттун чечими мунаса тапкан саясий чечим болуп калды. Келечекте бул Кыргызстанга аябай чоң зыян алып келет. Анткени бул туура эмес жол. Себеби мыйзамдар иштебесе, ушундай башаламандык, чаң-тополоңдор боло берет. Мамлекет ушундайлардан ыдырап баштайт да. “Мыйзам баарынан жогору” деген накыл кеп бар да. Эгер ал сакталбаса, анда мамлекет жок болот.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков болсо ар бир жасаган мыйзамсыз аракет жазасын албаса, ал мамлекеттин бүтүндүгүнө жана тынчтыгына доо кетирерин айтууда.

- Соттун чечими деген соттун чечими. Мейли Кыргызстандабы, же дүйнөдөбү ага баары баш ийет. Менимче, баары мыйзам чегинде болуш керек. Эгер биз туура эмес иштерге жаза колдонбосок, жоопкерчилик болбосо, анда анын түбү мамлекет үчүн жакшылыкка алып келбейт.

18-июнда кечке жуук “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” уюмдарынын 100гө чукул өкүлү Бишкек шаар сотунун алдына чогулуп, адилетсиз өкүм чыгардыңар деп нааразы пикирин билдиришти. Алардын бири:

- Биздин сотторго суроолорубуз бар. Ак үйдөн, "Көк үйдөн" чалыштыбы? Же соттор акча алыштыбы, ачыгын айтышсын. Болбосо биз сотторду иш бөлмөсүнө киргизбейбиз, иштетпейбиз.

“Мекен шейиттери” коомдук уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев талаптарын мындайча айтты:

- Бул жерде элдин талап кылганы да туура болуп жатат. Кылмыш кылгандардын артынан эки жүз киши чыгып койсо эле, коё берсе болобу? Негизи мыйзам иштеш керек да.

Ал эми Бишкек шаардык сотунун төрагасы чечим кабыл алган судьялар менен эртең жолугушуу уюштуруп берүүнү убада кылды. Деген менен депутаттар ишине Жогорку Сотто гана чекит коюлмакчы. Андыктан аларды толук акталды же күнөөлүү деп айтууга али эрте дешет байкоочулар.

17-июнда Бишкек шаардык сотунда "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов акталып, сот залынан бошотулган.

Жогорку Кеңештин үч депутаты былтыр 3-октябрда Бишкектеги митингден кийин Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо, бийликти күчкө салып тартып алуу, же бийликти күч менен кармап туруу деген айыптар менен камалган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту быйыл 29-мартта Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга кескен. Мындай өкүмгө каршы болуп, алар кийинки соттук баскычка - шаардык сотко кайрылган. Шаардык сотто мамлекеттик айыптоочу соттон Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну сураган.

XS
SM
MD
LG