Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Көлбаев соту: күбөлөр, жабырлануучулар көрсөтмө берет


Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаевдин иши боюнча соттук териштирүү уланат. Анда күбөлөр жана жабырлануучулар көрсөтмө беришет. Өткөн жолу соттук процесс Көлбаевдин саламаттыгына байланыштуу болбой калган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Көлбаевдин эти ысып атканын билдирген.

Көлбаевге Кылмыш кодекстеги кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган жана анын денесине залал келтирген деген сыяктуу 10 берене боюнча айып тагылууда. 39 жаштагы Көлбаев өзүнө коюлган дооматтарды четке каккан.

2011-жылы жайында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында Дубай шаарында кармалганы кабарланган. Былтыр декабрда Камчы Көлбаев Кыргызстанга келип, андан бери УКМКнын тергөө абагында жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG