Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Дохада талиптердин өкүлчүлүгү ачылды


АКШ бийлиги Ооганстан жаңжалын токтотуу максатында жакынкы күндөрү талиптер менен сүйлөшүү болорун маалымдады. Ал арада Катарда талиптердин чет өлкөдөгү алгачкы өкүлчүлүгү ачылганы маалым болду.

Аталган кыймыл коңшу мамлекеттер ынтымагын колдойт жана Ооганстанга тиешелүү саясий чечимдерди колдойт деп билдирүү таратты. АКШ бул билдирүүнү эл аралык террорчулуктан баш тарткан алгачкы кадам деп баалады, ошол эле учурда келечекте “ал-Каида” менен байланышын толук токтотот деген ишеничин билдирди. Ооганстандын президенти Хамид Карзай талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн өз делегациясын жөнөтөрүн маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG