Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

“Мекен шейиттери” депутаттарды актаган судьялар менен кездешет


Бүгүн “Мекен шейиттери” кыймылынын өкүлдөрү Бишкек шаардык сотунун “атажуртчу” депутаттарды актаган судьялары менен жолугат. Кыймылдын 100дон ашык өкүлү кечээ, 18-июнда шаардык соттун алдында митинг өткөрдү. Соттун төрагасы судьялар менен жолугушуу уюштуруп берүүнү убада кылгандан кийин тарады.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду шаардык сот 17-июнда актап сот залынан бошотту. Алар былтыр октябрда Бишкекте Ак үй алдында Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин камакка алынган жана мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылган болчу. Депутаттар бүгүн парламенттин жыйынына катышканы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG