Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Анкарада кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды


Анкара шаарында кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды. Президент Алмазбек Атамбаев Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды түз тартуу маселелери да каралды.

Атамбаев Анкарага иш сапарга 18-июнда жөнөп кеткен. Жуманын аягында кайтып келет. Түрк жетекчилиги менен жолугушуулардан тышкары ал "Гүлхане" аскердик медициналык академиясынан дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтөт. Кечээ Атамбаев түрк президенти Абдулла Гүл менен да жолуккан. (RK)

XS
SM
MD
LG