Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Жолдошева: Үч депутатты бошоткон судьянын коопсуздугуна коркунуч жаралууда


"Ата-Журт" партиясынын үч депутатын абактан бошоткон Бишкек шаардык сотунун судьяларынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болуп жатат. Бул тууралуу ушу тапта өтүп жаткан парламент жыйынында депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди. Анын айтымында, кечээ белгисиз бирөөлөр Сокулукта жашаган судьянын үйүнө барып, өзүнө жана балдарына коркутуу болду.

Төрага Асылбек Жээнбеков бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлөөрүн айтты.

Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен былтыр октябрдан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында жаткан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 17-июнда Бишкек шаардык соту актап, бошоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG