Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Ысык-Көл району: калың кардан жабыркагандар такталууда


Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын жайлоосуна 17-июнь түнү калыңдыгы 40 сантиметр кар түшүп, 70тей жандык (кой) кырылып калганы анык болду. Айыл аймагынын башчысынын орун басары Улан Абдыкалыковдун айтуусунда, Теке-Төр, Кызыл-Сай, Калкан, Кара-Кыштоо, Тегерек жайлоолорунда кар күрткүдө канча мал калганы белгисиз болууда. Бодо малды тоодон түшүрүү опурталдуу болуп жатат. Жарандык коргонуу штабдын жамааты жайлоодон малчыларды көчүрүп келди. Жаратылыш кырсыгы болгон жерге Ысык-Көл районунун акиминин биринчи орун басары Рита Борбукеева, айыл чарба башкармалыгынын башчысы Токтобай Исаков барып, малы кырылган дыйкан чарба ээлери, малчылар менен жолукту. Айылдык кеңештин депутаттары мал чарба боюнча насыя алгандардын төлөө мөөнөтүн узартып берүү өтүнүчүн келтирди. Рита Борбукеева бул маселени жогорку жетекчиликке билдирүү жана тиешелүү банк, мамлекеттик жогорку органдар менен кеңешүү зарылдыгын айтты. Бүгүн күрткүдө басып калган мал-жандыкты издөө иши уланууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG