Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Ош: Кытай жаранын алдады деп шектелген пакистандык кармалды


Ошто кытайлык жаранды алдап ири суммадагы акчасын алып койду деп шектелген пакистандык жаран кармалды. 26 жаштагы бул киши 110 миң сом акча алып, качып жүргөн. Ошондой эле ал мурда ижарада турган батир ээсине 28 миң сом төлөбөй кеткен деп шектелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, шектүү жаран милиция жүргүзгөн атайын операция учурунда колго түшкөн. Ал 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинен окуудан айдалганы, Кыргызстандын аймагында жүрүү убактысы да бүткөндүгү маалым болду. Учурда ал камакта, тергөө уланууда. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG