Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Ташиев: Бизди камоого негиз жок болчу


"Биз тараптан катачылык кетти, бирок бизди камоого эч негиз жок болчу", - деп билдирди бүгүн "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси, Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Ташиев Бишкекте өткөн пресс-конференцияда. Ал эми депутат Садыр Жапаров аларга карата райондук сот чыгарган өкүм саясый буйрук болгонун кошумчалады. Шаардык сотто эч кандай соодалашуу болбогонун, адилет жана мыйзамдуу өкүм чыкканын айтты. Ал эми аларды актаган судьяларды коркутуп-үркүтүү болуп жатканы - бул атайын уюштурулган акция деген оюн билдирди.

Былтыр күзүндө парламент жана президент отурган имараттын темир тосмосунан ашып түшүп мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып боюнча 8 айдан ашуун УКМКнын тергөө абагында жаткан "атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 17-июнда шаардык сот актап, камактан бошотту. Бүгүн үч депутат ишке чыкты. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG