Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Ооган президенти АКШ менен коопсуздук келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотту


Президент Хамид Карзайдын басма сөз катчысы Аймал Файзинин билдиргенине караганда, эки тараптуу коопсуздук келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн токтотулушу “АКШ өкмөтүнүн Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча айтканы жана жасаганы бири-бирине каршы чыгып жатканына” байланыштуу. Алар кандай “карама-каршылыктар” экенин Карзайдын кеңсеси чечмелеген жок.

Мунун алдында кечээ АКШ жана "Талибан" алардын Катарда жаңы ачылган кеңсесинде сүйлөшүү баштоо ниетин жарыялаган эле. Бирок "Талибан" Карзайдын өкмөтү менен жолугуу, атүгүл аны таануу мүмкүнчүлүгүн четке каккан.

"Талибандын" Катарда ачылган кеңсеси расмий түрдө “Ооганстан ислам эмиратынын саясий кеңсеси” деп аталат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG