Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Бразилияда көчө жүрүштөрү уланууда


Демонстранттар өрт койгон кез. Сан-Пауло, 18-июнь, 2013-жыл.
Демонстранттар өрт койгон кез. Сан-Пауло, 18-июнь, 2013-жыл.
Өлкөнүн ири шаарларынын көчөлөрүнө чыккан оң миңдеген адамдар коррупцияга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн начардыгына, футбол боюнча дүйнө чемпионатын тосууга оголе көп акча кетип жатканына нааразылык билдиришүүдө.

Мурда күнү өлкөнүн эң ири шаары Сан Паулонун көчөлөрүнө 200 миңдей киши чыкса, кечээ кечинде чогулгандар саны 50 миңге жетти. Демонстрациялар өткөн аптада башталган болчу.

Президент Дилма Русеф мамлекеттик башкарууда жана кызмат көрсөтүүдө проблемалар бардыгын моюнга алып, демонстранттардын аракетин “демократиянын демин жана көчө добушунун кубатын” көргөзгөндүк катары мактады. (UE)

XS
SM
MD
LG