Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Сомалиде исламчылар БУУнун кеңсесине кол салышты


Окуя өлкө борбору Могадишодо болду. Полициянын айтымында, адегенде жанкечти БУУнун өнүктүрүү программасынын кеңсесинин дарбазасы алдында өзүн жардырган. Андан кийин ичкери кирген куралчандар ок ачып, атышуу жүргөн.

Кол салуу үчүн “ал-Каидага” байланышы бар “ал-Шабаб” тобу жоопкерчилик алып, согушкерлери “динсиз күчтөр” менен урушканын белгиледи.

БУУнун кеңселери Могадишонун аэропортуна жакын жайгашкан жана Африканын Сомалидеги тынчтык орнотуу күчтөрүнүн базасы катары да кызмат кылат.

Эки жылдай мурда борбор Могадишодон Африка союзунун күчтөрү тарабынан сүрүлүп чыгарылгандан бери “ал-Шабаб” тобунун согушкерлери партизандык ыкма менен кол салууга өтүшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG