Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

АКШ президенти өзөктүк куралдын санын кыскартууну сунуштады


Барак Обама мындай сунушун бүгүн Берлиндеги Браденбург дарбазасынан сүйлөгөн учурунда жарыялады:

- Мен биздин жайгашылган өзөктүк куралыбызды бир эле учурда үчтөн бирге кыскартуу менен Американын жана биздин өнөктөштөрдүн коопсуздугун камсыздап, ишенимдүү жана кубаттуу стратегиялык аспапты кармай алабыз деп таптым. Кансыз согуш доорунун чегинен чыгыш үчүн Орусия менен макулдашылган кыскартууга барууну көздөйм.

АКШ менен Орусия Стратегиялык куралды кыскартуу боюнча Обаманын биринчи бийлик мөөнөтүндө түзгөн келишимге ылайык, тараптар ар бириндеги өзөктүк дүрмөттөрдү 1550гө түшүрүүнү макулдашкан. Эгер дагы үчтөн бирге кыскартылса бул эки державанын ар биринде миңден өзөктүк дүрмөт калат дегенди билдирет.

Обама ошондой эле АКШ менен Орусиянын Европадагы тактикалык куралдарынын санын да кыскартууну сунуштады.

Бул аралыкта орус президенти Путиндин билдиргенине караганда, Москва стратегиялык өзөктүк куралдар боюнча дисбаланска жол бере албайт.

Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаковдун айтымында, өзөктүк куралды кыскартуу жараянына андай куралга ээ башка өлкөлөрдү да тартуу абзел.

Обаманын Берлиндеги бүгүнкү сөзү АКШнын айтылуу президенти Жон Кеннеди экиге бөлүнүп турган бул шаардын жашоочулары менен тилектештигин жарыялагандан туура элүү жылдан кийин сүйлөндү.

АКШ президенти сөзүнүнүн башында буларды белгилей кетти:

- Биз бүгүн шаарды экиге ажыраткан сызыктын боюнда турганыбыз түбөлүк чындыкты айтып жатат: адамдын жүрөгүндө жанып турган тынчтыкка, эркиндикке, адилеттүүлүккө болгон умтулууга эч ким тоскоолдук кыла албайт. (UE)

XS
SM
MD
LG