Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Талибдер ооган өкмөтүндө өз өкүлдөрү болушун каалайт


Бул тууралуу талибдердин Катарда жаңы ачылган кеңсесинин өкүлү Мохаммад Нэим “Азаттыкка” билдирди. Ага ылайык, талибдер ооган өкмөтүнө өз өкүлдөрүнүн дайындалышын каалайт. Неим Ооган президентинин өкүлдөрү менен да сүйлөшүүгө барабы деген суроого “талибдер Катардагы кеңсеге келген оогандардын баары менен кездешүүгө даяр” деп жооп берди.

Расмий Вашингтон талибдердин чет өлкөдө алгачкы өкүлчүлүгүн ачышын колдоду. Президент Барак Обама АКШнын аталган кыймыл менен сүйлөшүү аракетин жактады.

Анын алдында ооган президенти Хамид Карзай АКШ менен америкалык аскерлердин 2014-жылдан кийин да Ооганстанда калышына жол ачкан коопсуздук келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон болчу. Мунун себеби “Вашингтон менен Кабулдун айтканы жана жасаганы бири-бирине дал келбей жатканы” менен түшүндүрүлгөн. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG