Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Өкмөт өкүлү Баткендеги митингчилерди сабырдуулукка чакырды


Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков Кадамжай районунда нааразылык акциясына чыккандар менен жолукту. Аларды сабырдуулукка чакырып, түндө болгон окуяны атайын комиссия иликтеп жатканын билдирди. Кыргыз тараптын мындан аркы кадамы ошол комиссиянын жыйынтыгына жараша болоорун билдирди.

Өткөн түнү Айдаркен чек ара отрядына караштуу “Марказ” чек ара туругундагы Гүлпиян аймагында Кадамжайдын Сарыбай айылынын бир тургуну менен өзбек чек арачылары ортосунда араздашуу болуп, өзбек чек арачылары кыргыз жаранын атып салды. Ушу тапта Кадамжай районуна караштуу Гүлпиян айылында нааразылык акциясы өтүүдө. Эки жүздөй киши Ош – Баткен унаа жолунун Кызыл-Кыя – Кадамжай участогун бууп турат. Митингчилер кыргызстандык жаранды өлтүрүп салган өзбек чек арачыларын жазалоону талап кылууда. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG