Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

"Кыялдагы" 12 миллион сом боюнча кылмыш иш сотко өттү


"Кыял" ишканасында 12 миллион сомдон ашуун акчанын дайынсыз сарпталганына байланыштуу козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратурадан кабарлашты. Көзөмөл органдын маалыматына караганда, 2011-2012-жылдары "Баатыр Эне" ордени жана "Эне даңкы" медалдарын жасап чыгаруу боюнча "Кыял" менен Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгы ортосунда келишим түзүлгөн. Анын негизинде тиешелүү каражат бөлүнүп, бирок бухгалтердик эсеп-кысап кагаздарын текшере келгенде 12 миллион 323 миң сомдун дайыны табылбай калган. Айып ишкананын жетекчиси Султанбек Макашовго тагылып, жыйынтыгында чыгым толугу бойдон кайтарылып берилген. Эми кылмыш ишти Бишкектин Ленин райондук соту карамай болууда.

Макашовдун пикирин билүү үчүн "Азаттык" "Кыял" менен байланышканда ал киши иштебей калганын айтышты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG