Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Турсунбеков Чек ара кызматынын башчылыгына Исаковду сунуштады


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Чек ара кызматынын башчылыгына депутат Исмаил Исаковду сунуш кылууда. Бул тууралуу бүгүн ал "Азаттыкка" кабарлады. Турсунбековду пикиринде, Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасындагы талаштуу маселелерди чечүүдө Чек ара кызматынын жетекчисинин ролу да маанилүү.

"Исмаил Исаков чек ара маселелерин чечүүнүн жолдорун, Советтер Союзунан бери келаткан кандай документтер бар экенин жакшы билет. Бул кызматты ишти жакшы билген адам жетектеши керек", - деди фракция лидери.

Түндө Кадамжайда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде чатак чыгып, өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына 500 метр кирип келип Баткендин бир тургунун башка атып өлтүрүп койду. (RK)

XS
SM
MD
LG